Аялды муунтуп өлтүрүп, сөөгүн сууга ыргытып салган. Шектүү кармалды

Аялды муунтуп өлтүрүп, сөөгүн сууга ыргытып салган. Шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунда адам өлтүрүү фактысына шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак райондук милициясына 32 жаштагы район тургуну кайрылып, 23-декабрь күнү болжол менен саат 09:00до 30 жаштагы аялы «төркүнүмө барып келемин» деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 25-декабрь күнү саат 12:00 чамаларында Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан агып өткөн суунун ичинен, дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылган.

«Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, мойнунда аял кишинин жоолугу оролуп, чачтары жазылган абалда жаткандыгы такталган. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө жансыз дененин моюн бөлүгүндө муунтулган изи бар экендиги, өлүмүнүн себеби дем ала албай, абанын жетишсиздигинен улам келип чыккандыгы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун 23 жаштагы С.Н. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыш ишти кандай жолдор менен жасагандыгы тууралуу айтып берген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдирет милиция.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>