Татарстанда 56 кыргызстандык жаран абакта отурат

Татарстанда 56 кыргызстандык жаран абакта отурат

Татарстандагы абактарда Кыргызстандын 56 жараны жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-24-декабрь күндөрү  Дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында элчиликтин кызматкерлери жазык-аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарына барышты.

Учурда Татарстанда жана Мурманск облусундагы абактарда 56 кыргызстандык жаран жазасын өтөп жатат.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери кыргызстандыктар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды кызыктырган бардык маселелер, анын ичинде жазаны андан ары өтөө максатында Кыргызстанга которуунун тартиби боюнча толук маалымат беришти.

Мындан тышкары, Татарстанга жана Мурманск облусуна консулдук иш сапарынын алкагында Волга федералдык округунда жана Мурманск облусунда жайгашкан Кыргызстандын 70ке жакын жарандарына консулдук кызматтардын ар кандай түрлөрүн көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо иш-чараларынын алкагында элчилик Россиянын аймактарында жашаган Кыргызстандын жарандары менен иштөөнү улантат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>