«Айгүлдү издеп»: Марат Амираев биз билбеген Кыргызстанды тасмага тартууда

Кыргызстандык актёр Марат Амираев Reporter.kg сайтына өзүнүн жаңы «Айгүлдү издеп» аттуу даректүү долбоору, Баткендин гүлгө оронгон тоолору менен өлкөнүн аз изилденген булуң-бурчтарын видеого тартуусу, ошондой эле кино аркылуу кыргызстандыктарга өз өлкөсүнүн кооздугун көрсөтүү каалоосу тууралуу айтып берди.
— Марат, казак кинорежиссёрлорунун тасмаларына көп тартылып жатканыңыздан тышкары, учурда дагы эмне менен алексиз, айтып берсеңиз.
— Азыр мен көбүнчө Бишкекте жашап, даректүү кино менен алектенип жатам. Балдар менен бирге компания ачып, аны AmiraFilm деп атадык. Биздин биринчи долбоорубуз — «Айгүлдү издеп».
Апрель айында Баткенге бардык. Айгүл гүлүнүн ачылышын тартуу үчүн сегизинде Бишкектен чыктык. Эл ичинде мындай ишеним бар экен: Айгүлдүн гүлдөгөнүн көргөн адам сүйүүсүнө кыянаттык кылбайт.
— Анда эркектердин баарын Баткенге жөнөтүш керек экен да.
— Мен, чынында, ушул максат менен баргам. Биринчи кезекте өзүм үчүн.
— Эми кыянаттык кылбай калдыңызбы?
— Мен буга үйрөнүп жатам, үйрөнүүгө катуу аракет кылуудамын. Жалпысынан биз, сүйүктүү адамың менен Кыргызстанга келип, Айгүлдүн гүлдөгөнүн көрүү өзгөчө бир трендге айланышын каалаар элек. Андан тышкары, тоолорубуздун кантип гүлгө оронгонун көрүүгө болот — бул укмуштуудай көрүнүш.

Сапар учурунда өзүбүз үчүн да көптөгөн жаңы нерселерди ачтык, ал эми кайтып келе жатканда илегилектерди (кунастарды) тасмага түшүрдүк. Башкача айтканда, жаңы эле сүйүүнүн символу болгон Айгүлдү тартып жатсак, бул жерден капилеттен үй-бүлөнүн символу болгон илегилектер чыкты. Алар абдан көп экен, уя салып жатышыптыр...
Операторубуз Самат дрондун жардамы менен илегилекти кадрга кармап, анын артынан учту. Бул өтө кооз көрүнүш. Бизде чынында эле ушул долбоордун үстүндө иштегендердин бардыгынын өлкөгө болгон сүйүүсү сезилип турган кооз даректүү тасма жаралды. Бул долбоорду ишке ашырууга «Келечек» компаниясы да чоң жардам берди.
Кыргызстандын түштүгүндө болдук, эми түндүккө баргыбыз келип жатат. Биздин идеябыз – өлкөнү кыдырып, аны тасмага тартуу, андан соң тасманын кадрлары аркылуу көрүүчүлөргө эмнени, кайсы жерден көрүүгө болорун айтып берүү.
Биздин тасмабыз 30 мүнөттөн турган эки бөлүктөн турат. Учурда монтаждоо иштери дээрлик аяктады, ал эми тизери даяр.
— Тасма кандай аудиторияга арналган?
— Биринчиден, биз Кыргызстан тууралуу кыргызстандыктардын өздөрүнө айтып бергибиз келет. Көпчүлүгү бизде кандай укмуштуудай жерлер бар экенин биле да беришпейт. Мына, мисалы, Абшыр-Ата — сонун жер. Ал жерде суу жыл бою түз эле аскадан агып чыгат. Жакын жерде бир айыл бар, көңүл буруп карасаңыз, анын тургундары ушул сууну жыл бою — кышында да, жайында да ичишет. Жана алардын бири да ангина менен оорубайт.
— Ал суудан кабыктын жыты келет деп айтып калышат…
— Бул калп, бул уламыш. Ангина мындай турсун — пандемия учурунда бул айылда бир да адам ковид менен ооруган эмес. Элестетип жатасызбы? Мен, ушуга байланыштуу бир нерсе кылуу керек деп ойлойм. Анткени биз дени сак улут боло алабыз. Бул сонун эмеспи?
Марат Амираев менен болгон маекти толугу менен жакын арада биздин YouTube-каналыбыздан көрө аласыздар.
Анара Мамытова