Кыргызстанда балдардын канындагы коргошунду аныктоо үчүн лаборатория ишке киргизилет

22.10.2026 | 16:38
Кыргызстанда балдардын канындагы коргошунду аныктоо үчүн лаборатория ишке киргизилет — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда балдардын канындагы коргошунду аныктоо жана аларды үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өткөрүү максатында лабораториялык жабдууларды ишке киргизүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.

Коомдук саламаттыктын тобокелдиктерин талдоо, башкаруу жана оорулардын алдын алуу борборунун жетекчиси Жайнагүл Байызбекованын айтымында, учурда кандагы коргошундун көлөмүнө жараша медицина кызматкерлеринин иш-аракетин аныктаган атайын клиникалык протокол иштелип чыгууда. Ошону менен катар мекемелер аралык жумушчу топ коргошун боюнча улуттук стратегияны даярдап жатат.

Бул чаралардын көрүлүшүнө өлкөдө жүргүзүлгөн алгачкы улуттук изилдөөнүн жыйынтыгы себеп болгон. Анын жүрүшүндө айрым калктуу конуштардагы балдардын канында коргошундун өлчөмү жогору экени аныкталган.

Бул багыттагы иш-чаралар Саламаттык сактоо министрлиги жана «Экоис-Бишкек» коомдук бирикмеси тарабынан 2023-жылдан бери жүргүзүлүп жаткан долбоордун алкагында аткарылып жатканы кошумчаланды.

Scroll to Top