Бишкекте сүрөтчү Табылды Коомбаевдин жеке көргөзмөсү ачылат

10.09.2026 | 10:54
Бишкекте сүрөтчү Табылды Коомбаевдин жеке көргөзмөсү ачылат — Новости Кыргызстана

11-сентябрда Бишкек шаарында Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде сүрөтчү Табылды Коомбаевдин жеке көргөзмөсү ачылат. Экспозиция 27-сентябрга чейин уланат.

Көргөзмөгө автордун пастель живописи жана китеп графикасы багытындагы эмгектери коюлат. Т. Коомбаев «Мектеп» жана «Кыргызстан» басмаканалары менен иштешип, Ж. Садыков, А. Жакшылыков, С. Тургунбаев, Ж. Абдыкалыков сыяктуу авторлордун китептерин жасалгалаган.

Сүрөтчү 1986-жылдан бери республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу болуп саналат. Ал СССР Маданият министрлигинин жана Кыргыз ССР Комсомолунун Борбордук комитетинин Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун диплому жана юбилейлик медалы менен сыйланган.

Көргөзмөнүн ачылыш аземи 11-сентябрда саат 15:00дө өтөт.

Scroll to Top