Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт: 11-июлга карата аба ырайынын божомолу
11.07.2026 | 10:00

Бүгүн, 11-июлда өлкө аймагынын басымдуу бөлүгүндө жаан-чачынсыз аба ырайы күтүлөт, бирок күндүз айрым жерлерде (негизинен тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо) кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетип, күндүз кээ бир аймактарда 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 33…38°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 15…20°C, күндүз 30…35°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 33…38°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 33…38°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 33…38°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 24…29°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 23…28°C;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 19…21°C, күндүз 35…37°C болот (жаан-чачын күтүлбөйт);
- Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы түнкүсүн 13…15°C, күндүз 24…26°C болот (жаан-чачын күтүлбөйт).
Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээгинде суунун температурасы 10-июль күнү эртең менен 19,5°Cду түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: погода