Президент айрым тарифтерди жана мамлекеттик кызматтардын баасын жогорулатууга бир жылга тыюу салды

11.07.2026 | 11:37
Президент айрым тарифтерди жана мамлекеттик кызматтардын баасын жогорулатууга бир жылга тыюу салды — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров айрым тарифтерди, жыйымдарды, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын, ошондой эле калк үчүн башка милдеттүү төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылдык мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Президенттин администрациясы билдиргендей, мораторий жарандардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөлүк бюджеттердин туруктуулугун сактоого жана кошумча каржылык жүктөмдүн алдын алууга багытталган.

Жарлык күчүндө турган убакта мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мораторийдин алкагына кирген төлөмдөрдү жогорулата алышпайт.

Өзгөчө учурлар улуттук коопсуздукту камсыздоо, стратегиялык маанилүү тармактардын жана маанилүү инфраструктуралык объекттердин үзгүлтүксүз иштеши, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу менен байланышкан жагдайларда гана каралат.

Мораторий бир жылдык мөөнөткө киргизилди.

Scroll to Top