Лаостун президенти Тхонглун Сисулит КРдин Улуттук тарых музейине барды«Эки дисциплинада тең алтын»: Баяман Ниязов көк бөрү жана көкпардагы тактика тууралууАКШ Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Иран менен соода байланыштарын үзүүнү талап кылды — AxiosКөчмөндөр оюндары: кыргызстандык спортчулар алыш күрөшүндө 3 алтын, 2 күмүш жеңиштиКыргызстанда аялдар үчүн 9,75%дан баштаган ипотека ишке кирди3-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 9 тонна кумшекер таратылды
15.12.2022 | 15:53
“Кошой” кант заводу 80 жылдык мааракеге карата калктын социалдык аялуу катмарына 9 тонна кумшекерди бекер таратты. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө өлкөнү кант менен камсыздоо жеткиликтүү. Ал эми кызылча кантын даярдоо иштери улантылууда.
Учурда “Кошой” заводунда канттын дүң сатуу баасы килограммына 78 сом. Фирмалык дүкөндөрдө чекене баа 84 сом.
Ошондой эле, “Глобус”, “Элдик” жана “Фрунзе” соода түйүндөрүндө жеңилдетилген карта 1 килограмм кумшекер акция менен 78 сомдон сатылууда. Ал эми 1 килограммдан ашык кумшекер 85 сомго бааланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар