УКМКнын Талас райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

УКМКнын Талас райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 15-декабрда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМК төрагасынын биринчи орун басары – чек ара кызматынын директору У.Шаршеев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Нарбеков, Талас районунун башчысы Н.Нармырзаев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган

УКМК төрагасы К.Ташиев кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын бардык област, райондору боюнча УКМК кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>