Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди — видео

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди — видео

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу преизденттин басма сөз кызматы билдирди.

Азербайжандын президентинин учагы “Манас” эл аралык аэропортуна конду. Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстан жана Азербайжандын желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардак кароол тизилди.

Жогорку даражалуу мейманды президент Садыр Жапаров тосуп алды.  Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.

Мындан тышкары, сапардын алкагында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви  атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>