Министр Россиядагы мигранттардын негизги көйгөйлөрүн атады

Министр Россиядагы мигранттардын негизги көйгөйлөрүн атады

Бүгүн, 11-октябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында Россиядагы кыргызстандык мигранттардын негизги көйгөйлөрү кайсылар экенин айтып өттү.

Министр белгилегендей, азыркы тапта Россияда иштеп, каттоодо турган кыргызстандык жарандардын саны 600 миңден ашат.

Ал мигранттардын көйгөйлөрү көп жылдар бою чечилбей келгенин айтып, Россиядагы мигранттардын негизги көйгөйлөрүн атап өттү:

— жарандардын өлкөгө кирүү тартиби, андан кийин миграциядан өтүү маселелери;

— милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы боюнча медициналык жардам жарандардын өздөрүнө гана жеткиликтүү болушу;

— административдик укук бузуулар боюнча маселелер толугу менен чечиле элек;

— жарандардын балдарынын мектепке чейинки жана мектепте билим алуусу бир кыйла татаал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>