Кыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөтКыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталуудаКыргызстанда акциздик маркаларды алуу процесси санариптештирилетЖыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылдыКыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек ЖекшенкуловВенгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилди
Ажаатканага каткан баңгизаты табылды
16.09.2021 | 12:48
Ош шаарында 40 жаштагы киши баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, бул иш боюнча 1981-жылы туулган Т.У кармалды. Анын жанынан 7,5 грамм гашиш табылды. Үйү тинтүүгө алынып, ажааткананын чатырынан 2,85 грамм гашиш чыккан.
Ал баңгизатты Бишкек шаарынан келе жатып Токтогулдан алган. Учурда анын көрсөтмөсү боюнча да териштирүү жүрүп жатат
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки тергөөдө. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом