Ажылык сапарга баруучулар эмдөөдөн өтүшүүдө

Ажылык сапарга баруучулар эмдөөдөн өтүшүүдө

26-майдан тарта Кыргызстандын бардык аймактарында 2022-жылы Меккеге ажылыкка баруучу зыяратчыларды эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Республикалык иммунопрофилактика борбору, аймактык иммунологдор жана эмдөө боюнча медайымдар тарабынан COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жүргүзүлүүдө, мындан тышкары зыяратчылар сасык тумоого жана менингитке каршы эмдөөдөн өтүшөт.

Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы билдиргендей, 2022-жылга ажылык сапарга катышуу үчүн 2766 квота бөлүнгөн.

Ажылык зыяратчыларга виза алуудагы негизги талаптар:
1. Ажылык курагы 65 жашка чейин;
2. COVID-19га каршы эмдөө алуу;
3 Кирүү алдында 72 сааттын ичинде терс COVID-19 тестинин сертификатына ээ болуу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>