Кыргызстанда эки жылда ажырашуу 31%га көбөйдү

Кыргызстанда эки жылда ажырашуу 31%га көбөйдү

2023-жылы 45 миң 495 нике катталып, 12 миң 552 үй-бүлө ажырашты. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министрлиги коомдук талкууга сунуштаган Үй-бүлөлүк кодекстин жаңы долбоорунун маалыматтык негиздемесинде айтылат.

Анда 2011-жылы 56 миң 509 нике кыйылып, 8705 ажырашуу болгону белгиленет.

Өткөн жылы  11 миң 300 үй-бүлөлүк зомбулук болгон. Ал эми балдарга карата кылмыш 2022-жылга салыштырмалуу 123кө көбөйүп, 1 миң 832ни түздү.

Акыркы үч жылда 600дөн ашуун бала өз жанын кыйган же өз жанын кыюуга аракет кылган. Бир жыл ичинде 1 миң 40 өспүрүм кош бойлуулукту токтоткон.

Интернатта жашаган балдардын 68 пайызынын (10 миң 868дин) ата энеси бар.

Белгилей Социалдык камсыздоо, миграция жана эмгек министрлиги Үй-бүлө кодексинин жаңы долбоорун иштеп чыкты. Анда нике эркек менен аялдын ортосунда гана кыйылары белгиленет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>