ИИМ менен GIZ уюму экстремизмдин алдын алуу багытында кызматташат

ИИМ менен GIZ уюму экстремизмдин алдын алуу багытында кызматташат

Ички иштер министрлиги Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коому (GIZ) менен экстремизмдин алдын алуу багытында кызматташат.

Министрлик билдиргендей, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев GIZ’дин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Виктор Вецель менен жолугушуп, анын жүрүшүндө 2024-жылга карата “Борбор Азияда зомбулук экстремизминин алдын алуу” программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коюшту.

“Азыркы шартта бүткүл дүйнөлүк коомчулук, ошондой эле Борбордук Азия аймагынын мамлекеттери үчүн улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо актуалдуу маселелердин бири болуп саналат.

Биргелешкен иш-мерчемге кол коюу экстремизмдин алдын алуу маселелеринде кызматташуунун негизи болуп, кылмыштын бул түрүн алдын алуу максатында заманбап технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жөндөмдөрүн жогорулатууга мүмкүндүк берет”, — деп белгилейт министрлик.

Виктор Вецель кылмыштуулук менен күрөшүүдө мындан ары да биргелешкен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>