АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы каза болгон кыргызстандык машыктыруучусунун үй-бүлөсүнөн кабар алдыКанттагы Жаштар аллеясында беш метрлик «Тоос» жана «Комуз» пайда болдуСловениянын RIKO компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууну караштыруудаКыргызстанда сентябрдан тарта «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйөтСалмак категориялары жана упайлар жок: Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө жеңүүчү кантип аныкталат?Үйдөн бир метр аралыктагы курулуш: шаар тургунунун даттануусуна Ош мэриясы эмне деп жооп берди
Азия чемпионаты: Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан биринчи орунда
21.06.2022 | 10:56
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында командалык эсепте 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайты билдирди.
Кыргызстандык 10 спортчу медалдар үчүн ат салышып, төрт алтын, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болушту.

19-июнда Бишкекте кадеттер (U-17) арасында Азия чемпионаты старт алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт