Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Чүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет
20.08.2026 | 16:50

Август айынын аягында Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ишке кирет. Экономика министрлигинин маалыматында, заводдо айнек пакеттер жана жарыкты чагылдыруучу айнектер чыгарылат.
Ишкананын өндүрүш кубаттуулугу айына 12 миң чарчы метрди, жылына 144 миң чарчы метрден ашык продукцияны түзөт. Долбоордун алкагында 300 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Ишкананын иштеши ички рынокту камсыздоого, импорттук материалдарга болгон көз карандылыкты азайтууга жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган. Ошондой эле бул салыктык түшүүлөрдүн өсүшүнө жана аймакта өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика