VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгат

20.08.2026 | 17:09
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы даярдалууда — Новости Кыргызстана

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөн цивилизациялар: мурастары, парадигмасы жана келечеги» аттуу эл аралык илимий макалалар жыйнагын басып чыгаруу иштери жүрүүдө. Бул материалдар 2026-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдө өтө турган илимий-практикалык конференциянын негизинде түзүлөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Жыйнакка дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн келген окумуштуулардын жана адистердин изилдөөлөрү киргизилет. Анда Евразия, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы көчмөн цивилизациялардын тарыхы, маданияты жана мурасы каралган. Ошондой эле номадизмди изилдөөдө заманбап илимий ыкмаларды жана маалыматтык технологияларды колдонуу багыттары камтылган.

Басылмада салттуу билимдерди сактоо, көчмөн салттарынын уланмалуулугу, элдердин өз ара байланышы, санариптештирүү жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу маселелерге орун берилген. Өзүнчө бөлүм 2014-жылдан бери эл аралык долбоорго айланган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын таасирин изилдөөгө арналат.

Макалалар авторлор тарабынан сунушталган тилдерде жарыяланат. Жыйнактын басма түрү конференциянын катышуучуларына жеткиликтүү болот. Министрлик бул басылма VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын илимий программасынын жыйынтыгы катары номадология жана чектеш илимий багыттарды өнүктүрүү максатын көздөй турганын билдирди.

Reporter.kg редакциясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат. Өнөктөштүктүн алкагында басылма Оюндарга даярдык көрүү жана анын өтүү жүрүшүн чагылдырат, мелдештер, маданий программалар жана башка иш-чаралар тууралуу жаңылыктарды жарыялайт, ошондой эле окурмандарга окуялар болуп жаткан жерлерден ыкчам маалыматтарды сунуштап турат.

Scroll to Top