«75чилер иши»: Прокурорлор Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бериштиОмар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда жыл башынан бери миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдүАсыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя берилетБишкекте өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, пара талап кылган шектүү кармалдыЫсык-Көлдө Formula 1 H2O боюнча Кыргызстандын Гран-приси аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды
Азия чемпионаты (U-20): Балбан кыздар 2 күмүш жана 2 коло утту
24.07.2024 | 10:20
Кыргызстандык балбан кыздар 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасында Таиландда өткөн Азия чемпионатында 4 медаль – 2 күмүш, 2 коло утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Күмүш байгени Таңчолпон Кыбалбекова (62 кг) жана Кайыргүл Шаршебаева (72 кг) утту.
Ошондой эле коло медалга Айтолкун Медет кызы (59 кг) жана Гүлнура Таштанбекова (68 кг) татыды.
Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаевдин жетекчилиги алдында катышты.