Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталууда
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады
30.07.2026 | 17:11

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 30-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Кыргыз Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон I даражадагы «Манас» орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Анын маалыматына караганда, сыйлык Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки элдин достугун чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.
Маалыматка ылайык, сыйлоо аземинде Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамилелери бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин белгилеген. Анын айтымында, өз ара колдоонун жана жакындашууга багытталган ырааттуу саясаттын аркасында эки өлкө чыныгы стратегиялык өнөктөштүккө жана ар тараптуу союздаштыкка жетишти.
«Мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевге Кыргыз Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгын тапшыруу өзү үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Анын айтымында, бул орден Өзбекстандын президентинин эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн кыргыз элинин терең ыраазычылыгынын белгиси болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Шавкат Мирзиёев