Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды
03.08.2026 | 17:56

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Омар Султанов Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Султанов буга чейинки ээлеген кызматынан — Кыргызстандын Швейцария Конфедерациясындагы элчиси, ошондой эле Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Ал бул кызматтарга 2022-жылы дайындалган болчу.
64 жаштагы Омар Султанов дипломатиялык карьерасында Тышкы иштер министринин биринчи орун басары жана Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматтарын аркалаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: элчи