Кыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү ишканалар колдоого алынууда

03.08.2026 | 13:45
В Кыргызстане поддерживают предприятия по переработке отходов — Новости Кыргызстана
Кыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү ишканалар колдоого алынууда — иллюстрация
Кыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү ишканалар колдоого алынууда — контекст события

Кыргызстанда желим, макулатура жана кездеме калдыктарын кайра иштетип, буюмдарды чыгарган бир нече ишкана иштейт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирип, мындай ишканаларды лицензиялоо жана колдоо боюнча иштерди жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, лицензия алдындагы көзөмөлдүн алкагында «Алтын Ажыдаар», «Эллегия», «Ак-Кайын», «Профикс-Юг», «Дукастомс» жана «Датка Кей Джи» сыяктуу картон, пластик жана текстиль калдыктарын кайра иштетүүчү ишканаларга текшерүү жүргүзүлгөн.

Аталган ишканалар төмөндөгүдөй иштерди жүргүзүшөт:

  • картон калдыктарынан таңгактоочу кагаз жана гофрленген картон өндүрүлөт;
  • текстиль калдыктарынан термокийиз, килем жана жол килемчелери жасалат;
  • ПЭТ бөтөлкөлөрүнөн экспорт үчүн флекстер чыгарылат;
  • пластиктен чака, түтүк жана башка чарбалык буюмдар өндүрүлөт.

Министрлик экологиялык ишкердикти колдоо жана лицензияланган компанияларга мамлекеттик жеңилдиктерди берүү боюнча ишти улантарын кошумчалады. Мекеме бардык кайра иштетүүчүлөрдү мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн өз убагында лицензия алууга чакырды.

Scroll to Top