Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Кыргызстанда жыл башынан бери миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү
03.08.2026 | 16:53

Ушул жылдын 1-августуна карата республика боюнча жалпы 1100 чакырым унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине (455 км) салыштырмалуу 645 чакырымга көп.
Учурда республикалык маанидеги автожолдордо жана ички жол тармактарында курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык улантылууда. Жолдордун курулушу министрликтин көзөмөлүндө экени айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: жол оңдоо, транспорт министрлиги