«75чилер иши»: Прокурорлор Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз беришти

03.08.2026 | 18:27
«75чилер иши»: Прокурорлор Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз беришти — Новости Кыргызстана

Мамлекеттик айыптоочулар «75чилер иши» боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2-июлдагы өкүмүнө карата шаардык сотко апелляциялык арыз беришти. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, апелляциялык сунуш УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат Курманкул Зулушев, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Аалы Карашев, Эмилбек Узакбаев, Курсан Асанов жана Курманбек Дыйканбаевдерге тиешелүү кылмыш иши боюнча берилген.

Башкы проруратура апелляциялык арыз Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 397-беренесинин негизинде берилгенин маалымдады.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «75 иши» деп аталган иш боюнча өкүм чыгарып, Камчыбек Ташиев күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратуу жазасына кескен.

Ушундай эле жаза мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна да берилген.

Scroll to Top