Катуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя берилет
03.08.2026 | 16:35

Кыргызстандын Министрлер кабинети асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген каржылоо программасын бекитти. Ага ылайык, фермерлер жана тиешелүү субъекттер жылдык 3% үстөк менен насыя ала алышат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Насыянын мөөнөтү 60 айга чейин, ал эми жеңилдетилген мезгили 12 айды түзөт. Каржылоонун көлөмү 20 миллион сомго чейин жетет.
Жеңилдетилген насыяны кимдер ала алышат:
- асыл тукум заводдор жана фермалар;
- асыл тукум мал импорттоочулар;
- жасалма уруктандыруу боюнча техниктер;
- асыл тукум бодо мал, топоз, жылкы, кой жана эчки баккан фермердик чарбалар жана жеке ишкерлер.
Насыя алуу үчүн жарандар «АБанк» жана «Элдик Банк» мекемелерине кайрылышы керек. Программанын максаты — өлкөдөгү малдын сапатын жакшыртуу жана фермерлердин өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Кошумча маалыматты райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан алууга болот.
Теги: Айыл чарба министрлиги, насыя