Бишкекте өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, пара талап кылган шектүү кармалды

03.08.2026 | 15:51
Бишкекте милиция кызматкеримин деп тааныштырып, пара талап кылган шектүү кармалды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында өзүн Ички иштер министрлигинин кызматкери катары тааныштырып, жарандардан акча талап кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Иликтөөнүн маалыматына караганда, шектүү жабырлануучуга кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, жоопкерчиликке тартуу менен коркутуп, ай сайын 5 миң АКШ долларын берип турууну талап кылган. Жабырлануучу ага 150 миң сом накталай берип, 70 миң сомун банктык эсепке которгон. Шектүү басым көрсөтүүнү улантып, кошумча 200 миң сом талап кылган учурда кармалган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 33 жаштагы Ж.С. аттуу шектүү жаран Л. Толстой көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайдан 21 миң сом алып жаткан учурда кармалды. Жеке тинтүү учурунда андан Куралдуу Күчтөрдүн аскер бөлүгүнүн офицеринин (прапорщик) күбөлүгү жана УКМКнын 9-кызматынын жасалма кызматтык күбөлүгү табылып алынган. Шектүү бул документтерди жабырлануучуга ишеним жаратуу үчүн пайдаланган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ири өлчөмдө пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен шектүү эки айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынды.

Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Scroll to Top