Түштүк Африка Республикасында кар жаады — айрым округдарда кооптуулуктун «кызгылт сары» деңгээли жарыяландыАкысыз көрсөтүүлөр: Бишкекте Кытай киносунун күндөрү өтөтБишкекте автобус жөө өтмөктөн эки өспүрүм кызды сүзүп кеттиКыргызстанда кечки саат ондон кийин фейерверктерди атууга тыюу салындыЫсык-Көл облусунда Асман шаары үчүн аймак кеңейтилдиБекешев бенефициарлар тууралуу билдирмени кечигип тапшыргандарга айып пул салбоого чакырды
Азия чемпионаты (U-20): Грек-рим балбандары 6 медаль утту
22.07.2024 | 11:12
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбандар Таиланддагы 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасындагы Азия чемпионатында 6 медаль – 3 күмүш, 3 коло утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Күмүш байгеге Нуристан Сүйөркулов (60 кг), Кутман Темирбеков (72 кг) жана Эрлан Марс уулу (77 кг) ээ болду.
Коло медалды Ынтымак Өмүр уулу (55 кг), Сабит Шемшединов (63 кг) жана Артык Алымбек уулу (87 кг) тагынды.
Жалпы командалык эсеп боюнча Кыргызстан 3-орунга татыган.
Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында катышты.