Кыргызстандык эки балбан кыз Азия чемпионатында алтын медаль утушту

30.06.2024 | 14:39

Кыргызстандык эки балбан кыз Азия чемпионатында (U-23) алтын медаль утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия чемпионатына 68 кг чейинки салмакта катышып, алгачкы айлампада монголиянын балбанына 7:5 эсебинде утулду.

Экинчи айлампада казакстандык спортчуну 1:1 эсебинде утуп, чечүүчү беттеште индиялык атаандашын 4:3 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону болду. Ошондой эле чемпионатта килемге чыккан Кайыргүл Шаршебаева күмүш, Арууке Кадырбек кызы коло медаль тагынды.

[image_carousel source=”media: 211502,211503,211504″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Мындан тышкары, кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Гүлнура Таштанбекова Азия чемпионатына 72 килограммга чейинки салмакта катышып, алтын медалга ээ болду.

Спортчу биринчи айлампада индиялык балбанды 7:0 эсебинде утту. Кийин казакстандык жана өзбекстандык Светлана Окназарованы 10:0 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону аталды.

Азия биринчилиги Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат.

[image_carousel source=”media: 211505,211506,211507″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top