Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Азия чемпионаты (U23): Эки балбан алтын, үчөө коло үчүн күрөшөт
18.06.2023 | 15:58
Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U23) балбандар арасындагы Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча эки балбан алтын, дагы үчөө коло байге үчүн күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 66 кг салмакта Аден Сакыбаев жана 92 кг салмакта Стамбул Жаныбек уулу мелдештин финалына чыгып, алтын үчүн күрөшөт.
Ошондой эле, Адилет Жапаркулов (74 кг), Алинур Тахиров (79 кг) жана Мухаммад Абдуллаев (86 кг ) коло байге үчүн таймашат.

Финалдык беттештер саат 18:00до башталат. Бештешти КТРК спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, 23 жашка чейинки балбандар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты 15-июнда башталган, бүгүн, 18-июнда жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз