Астанада банкта барымтага алынгандар бошотулду. Видео

Астанада банкта барымтага алынгандар бошотулду. Видео

Казакстандын борбору Астана шаарындагы Каспий банкынын кеңсесинде барымтага алынгандар бошотулуп, кылмышкер кармалды. Бул тууралуу Казакстандын полициясы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 18-июнда болжол саат 15:00дордо Астанадагы банктын кеңсесинде куралчан адам бир нече кишини барымтага алган. Полиция туткунда 7 адам болушу мүмкүн экенин божомолдогон. Ошол эле учурда, Каспий банктын басма сөз кызматы, туткунга алынгандар алардын кызматкерлери экенин билдирген.

Барымтадагыларды бошотуу үчүн кылмышкер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында атайын багыттагы кызматкерлер туткундагыларды бошотуу үчүн операция уюштуруп, банктын кеңсесине бастырып кирген. Полиция билдиргендей, операция ийгиликтүү аяктап, барымтага алынгандар бошотулуп, кылмышкер колго түшүрүлгөн. Эч ким жабыркаган эмес. операция учурунда катуу үн чыгаруучу граната жана көздөн жаш агызуучу газ колдонулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>