Айрым аймактарда өткүн өтөт: 26-июнга карата аба ырайыКыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тарашты
Азия чемпионаты: Ырыскелди Максатбек уулу коло үчүн күрөшөт
25.03.2025 | 17:28
Кыргызстандын грек-рим балбаны Ырыскелди Максатбек уулу Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.
Максатбек уулу 77 кг салмакта күрөшүүдө.
Беттешти 1/8 финалдан баштаган кыргызстандык балбан биринчи кармашында тажикстандык спортчуну 8:0, андан кийин чейрек финалда түркмөнстандык балбанды 10:2 эсебинде жеңген.
Финалга чыгуу үчүн ал ирандык спортчу менен кез келип, 3:4 эсебинде жеңилип калды. Эми ал коло үчүн күрөшөт.
Белгилей кетсек, бүгүн, 25-мартта башталган күрөш боюнча Азия чемпионатына 30-мартта аяктайт. Мелдештин биринчи жана экинчи күнүндө грек-рим балбандарынын таймаштары өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт