Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Азия чемпиондугунда Акжол Махмудов финалга чыкты
19.04.2022 | 11:26
Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн балбан Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Жарым финалда Махмудов кореялык балбанды 4:1 эсебинде жеңди.
Ошондой эле 1/4 финалда ал Ирандын спортчусун 9:1 эсебинде утуп алды.
Дагы бир грек-рим күрөшчүсү Тынар Шаршенбеков 63 килограммга чейинки салмак ченинде Азия чемпионатынын финалына чыгуу үчүн күч сынашат.
Кыргызстандык балбан Балбай Дордоков (55 килограммга чейин) чейрек финалда өзбекстандык балбандан утулуп калды.
Эске салсак, 19-24-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт