Мамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндү

Мамлекет тарабынан үй шартында өпкөнү жасалма желдетүүгө муктаж балдарга медициналык жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга каражат бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, анын алкагында 8 бала үй шартында колдонулуучу өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараттар менен камсыздалды. Дагы 9 балага бир жылдык мөөнөткө жете турган трахеостомиялык түтүкчөлөр, фильтрлер жана башка зарыл медициналык буюмдар берилди. Б
Министрлик буга чейин ата-энелер бул кымбат баалуу жабдууларды өз алдынча сатып алууга же кайрымдуулук фонддоруна кайрылууга мажбур болушканын билдирди.
7-августта саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Биринчи балдар хосписине барып, бейтап балдар жана алардын ата-энелери менен жолугушкан. Министр бул категориядагы балдарды колдоо туруктуу негизде сакталарын жана үй шартында дарылануу үчүн бардык шарттар түзүлөрүн белгилеген. Ата-энелер өлкө башчысына көп жылдык көйгөйдү чечип бергени үчүн ыраазычылык билдиришкен.