IT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөт

08.08.2026 | 11:00
IT, креативная экономика, технологии: в Бишкеке пройдет фестиваль «Go Viral Festival 2026» — Новости Кыргызстана

12-август — Эл аралык жаштар күнүнө карата Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинде (АУЦА) «Go Viral Festival 2026» аймактык фестивалы өткөрүлөт. Иш-чара Борбордук Азиядагы IDEA уюму жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулууда.

Фестивалдын негизги темалары:

  • ишкердик жана инновациялар;
  • технологиялар жана жасалма интеллект;
  • креативдүү экономика;
  • аймактык кызматташтык.

Программада эл аралык эксперттердин баяндамалары, панелдик талкуулар жана стартаптарды өнүктүрүү боюнча практикалык тажрыйба алмашуулар каралган. Ошондой эле «Innovation Expo», «Creative Market», «Game Zone» жана «Food Court» сыяктуу тематикалык аянтчалар иштейт. Иш-чара музыкалык программа менен жыйынтыкталат.

Фестиваль саат 13:00дөн 22:00гө чейин созулат. Кирүү акысыз, бирок алдын ала каттоодон өтүү талап кылынат. Иш-чара жаштарды, IT-адистерди жана инновацияга кызыккан жарандарды бир аянтчага чогултууну максат кылат.

Scroll to Top