Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Азия оюндары: Кыргызстан медалдык эсепте 21-орунда келе жатат
28.09.2023 | 17:03
Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында медалдык эсеп боюнча Кыргызстан 21-орунда келе жатат.
Учурда бул Азия оюндарында Кыргызстандын спортчулары 3 медалга ээ болушту. Кыргызстандын куржунундагы алгачкы байгени жана биринчи алтын медалды дзюдочу Эрлан Шеров алып келди. Андан тышкары ушу-саньда боюнча мушкерлер Авазбек Аманбеков менен Темирлан Аманкулов коло медаль тагынышты.
Азия оюдарында медалдык эсепте биринчи орунда 84 алтын, 49 күмүш жана 25 коло (жалпы 158) менен Кытай турат.
Азия чөлкөмүндөгү бул жарыш 8-октябрда жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт