Өзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндү

2026–2027-окуу жылына карата Өзбекстандын жогорку окуу жайларында мамлекеттик гранттын негизинде билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 20 квоталык орун берилди. Талапкерлерди тандоо Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Кыргызстандык талапкерлерге бакалавриаттын төмөнкү багыттары боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет:
- Мектепке чейинки билим берүү — 4 орун;
- Компьютердик инженерия — 4 орун;
- Агрономия — 4 орун;
- Курулуш инженериясы — 4 орун;
- Суу чарбасы жана мелиорация — 2 орун;
- Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо — 2 орун.
Окутуу өзбек (латын графикасында) жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Талапкерлер тандаган окутуу тили жана эки профилдик предмет боюнча сынак тапшырышат.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:
Анкета, аттестаттын же дипломдун көчүрмөсү, паспорттун көчүрмөсү, орус тилиндеги медициналык маалымкат (Өзбекстанга киргенге чейин эки жума мурда берилген болушу шарт) жана 6 даана сүрөт.
Документтер 2026-жылдын 22-августуна чейин ОшМУнун кабыл алуу комиссиясында (Алымбек Датка көчөсү, 331, №137-кабинет) кабыл алынат. Кирүү сынактары 24-августта саат 08:00дө ОшМУнун башкы корпусунда башталат.