Жети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталды

18.08.2026 | 17:29
Жети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталды — Новости Кыргызстана

Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүндө муниципалдык мүлктүн жеке жак тарабынан мыйзамсыз күрөөгө коюлганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Иликтөөнүн алкагында 2022-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду Ж.К. аттуу жаранга 2,5 млн сомдук пайызсыз жардам бергени аныкталган. Бул каражаттын кайтарылышын камсыздоо үчүн Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы мончо имараты күрөөгө коюлган.

Прокуратура тарабынан жеке жактын милдеттенмеси үчүн мамлекеттик мүлктүн күрөөгө берилиши мыйзамсыз деп табылып, бул аракеттерге жол берген Барскоон айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, райондук администрациянын жана өнүктүрүү фондунун жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Scroll to Top