Венгриянын жаңы президенти Андраш Баку болду

Венгриянын парламенти шейшемби күнү өлкөнүн жаңы президенти кылып 73 жаштагы юрист жана Жогорку соттун мурдагы төрагасы Андраш Бакуну шайлады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдирди.
Маалыматтарга караганда, анын талапкерлиги үчүн 140 депутат добуш берип, алтоо каршы чыккан. Мурдагы башкаруучу «Фидес — Христиан-демократиялык элдик партиясы» коалициясынын өкүлдөрү добуш берүүгө катышпай турганын алдын ала жарыялашкан.
Венгриянын жаңы премьер-министри Петер Мадьяр май айында шайлангандан бери венгер бийлигин реформалоо ниетин бир нече жолу билдирип, атап айтканда, президент Тамаш Шуйоктун кызматтан кетишин талап кылып келген. Мадьяр Шуйок өз ролун аткара албай, мурдагы премьер-министр Виктор Орбандын жана анын өкмөтүнүн кызыкчылыктарына кызмат кылган деп эсептейт.
Өз кезегинде Шуйок кызматтан өз ыктыяры менен кетүүдөн баш тартып, бул үчүн эч кандай конституциялык же укуктук негиз жок экенин билдирген.
Кийинчерээк, июль айында, Венгриянын парламенти конституциялык реформалардын пакетин жактырып, анда президенттин кызматтан кетиши тууралуу жобо да камтылган. Натыйжада өткөн жумада Шуйок конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө кол коюп, кызматынан кетти.
Мадьяр жаңы президенттикке белгилүү венгер гроссмейстери Юдит Полгарды сунуштаган, бирок ал бул сунуштан баш тарткан.
Венгрияда президент негизинен салтанаттуу (церемоналдык) функцияларды гана аткарат.
Өкмөттү премьер-министр жетектейт.