«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырышты
Орусиянын географиялык коомунун (ОГК) Башкыртстан бөлүмүнүн мүчөлөрү Башкы Кавказ тоо кыркасынын Безенги капчыгайында жайгашкан, бийиктиги 3 миң 297 метр болгон Чыңгыз Айтматов чокусуна чыгышты. Бул тууралуу алар Уфадагы пресс-конференцияда айтып беришти.

Тоого чыгуу «Акындын чыйыры» («Тропа поэтов») адабий-туристтик долбоорунун алкагында өттү жана Орусиянын географиялык коомунун түзүлгөндүгүнүн 181 жылдыгына, Орусиядагы Географтар күнүнө жана Орусия элдеринин биримдиги жылына карата уюштурулду. Экспедиция ошондой эле Кыргызстандын 2028-жылды ШКУ өлкөлөрүндө Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо демилгесине үндөш келет.
Экспедициянын катышуучулары билдиргендей, чокуга Уфа, Нальчик, Оренбург жана Кисловодск шаарларынан келген 12 адам — маданий мурастарды изилдөөчүлөр жана жайылтуучулар чыгышкан.

Чыңгыз Айтматов чокусу «Акындын чыйыры» маршрутунун бешинчи объектиси болуп калды. Долбоор адабияттын көрүнүктүү ишмерлери — Мустай Карим, Кайсын Кулиев, Давид Кугультинов, Алим Кешоков жана Чыңгыз Айтматовдун урматына аталган эс тутум жайларын жана чокуларды бириктирет.

Долбоордун катышуучулары Айтматов Орусия жана Кыргызстан элдеринин достугун жогору баалаганын эске салышты. Жазуучу кыргыздар үчүн эки тил — кыргыз жана орус тилдери — бул «куштун эки канаты» экенин баса белгилеген. Ал өлкөлөр ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп берерине ишенген.
«Акындын чыйыры» кантип пайда болгон?
Башкыртстан Республикасындагы ОГКнын ардактуу төрагасы, белгилүү саякатчы жана жазуучу Камиль Зиганшин долбоордун тарыхы 2018-жылы, Мустай Каримдин юбилейине даярдык көрүү учурунда башталганын айтып берди.

«Майрамдык иш-чаралардын планы жарыяланганда, мен акындын инсандыгына татыктуу болгон фундаменталдуу бир нерсе жетишпей жатканын түшүндүм. Кавказдагы чокулардын бирине жөө жүрүш жасап, ага адабиятчынын атын берүүнү сунуштадым. Урал тоолорун тандасак деле болмок, бирок ал жакта ат коюла элек чоку калбаптыр», — деди Зиганшин.
Анын айтымында, биринчи жолу тоого чыгуу катышуучуларды ушунчалык жакындаткандыктан, алар «Акындын чыйырын» улантууну чечишкен. Аны Советтер Союзу учурунда иштеген, жалпы баалуулуктар, тарых жана көп жылдык достук бириктирип турган адабиятчыларга арнашты.

ОГКнын Башкыртстан бөлүмүнүн жетекчиси Салават Сагитов долбоордун мааниси альпинизмден алда канча кеңири экенин белгиледи.
«Бул тоого чыгуу — бул жөн гана тоскоолдуктарды жеңүү эмес, бул эс тутум, муундар менен элдердин байланышы. Улуу ысымдар, улуу тагдырлар — ар кимдин өз бийиктиги бар. Алдыда Расул Гамзатов чокусу турат. Биздин экспедициялардын аркасында үч чоку Орусия өкмөтүнүн буйругу менен расмий тастыктоо алды. Учурда Кугультинов жана Айтматов чокуларын түбөлүккө калтыруу боюнча документтерди даярдап жатабыз», — деди ал.
«Командада кокустан кошулуп калган адамдар болгон жок»
Кабардино-Балкариядагы ОГКнын мүчөсү Борис Гумаев Нальчиктен байланышка чыгып, тоолор экспедициянын катышуучуларын баш коштурганын жана бүтүндөй маршрут бою ар бир адам жолдошунун ишенимдүү колдоосун сезип турганын айтты.

«Кырдаалдар ар кандай болот: бийиктиктин айырмасы чоң, кээде туман каптап калганда алдыда бараткан туристтин арты көрүнбөй калат. Топ күчтүү куралды. Бул Эверест эмес деңизчи, бирок физикалык даярдык баары бир керек. Жүрүшкө керектүү нерселердин баарын өзүң көтөрүп жүрүүгө туура келет, кээ бир жерлерде чыйыр таштак, кээде чополуу. Байланыш жана интернет жок. Жетекчиде жана топтун соңунда келе жаткан адамда рация бар. Эки чокуну ашкан жүрүш учурунда биз үч лагерь орноттук. Бирди гана айтам: командада кокустан кошулуп калган адамдар болгон жок, мен алар менен дагы бир жолу кубаныч менен бармакмын», — деп баса белгиледи Гумаев.
ОГКнын Башкыртстан бөлүмүнүн командасынын мүчөсү Айсылу Камалова тоого чыгаар алдында жолдошторун уят кылып алуудан абдан коркконун мойнуна алды.

«Эң коркунучтуусу — жамаатты уят кылуу эле. Эгер сен артта калсаң, башкаларды кармайсың. Албетте, саякатка даярданып жатып балалыкка кайтып бардым: Айтматовдун китептерин кайрадан окуп чыктым. Биздин үйдө адабияттар көп болчу, ата-энем китеп окууга болгон сүйүүнү калыптандырган. Жолго ушундай жакшы эскерүүлөр менен чыктым», — деди ал.
Экспедициянын бардык катышуучуларына деңиз деңгээлинен 3 миң 297 метр бийиктикке чыккандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

Кийинки чоку — Расул Гамзатов чокусу
«Акындын чыйырынын» алкагында кийинки жүрүш — Расул Гамзатов чокусуна чыгуу даярдалууда. Мындан тышкары, уюштуруучулар Давид Кугультинов жана Чыңгыз Айтматовдун урматына аталган чокуларды расмий түрдө түбөлүккө калтыруу боюнча иш алып барышууда.
Долбоордо экспедициялар гана эмес, китептерди чыгаруу, ошондоо эле адабиятты, географияны жана туризмди бириктирген башка иш-чараларды өткөрүү да каралган.

Пресс-конференцияда Салават Сагитов жана Рустам Сиразетдинов «Акындын чыйыры менен» («Тропой поэта») аттуу китепти тааныштырышты. Басылма Мустай Карим, Кайсын Кулиев, Алим Кешоков жана Давид Кугультинов чокуларына чыгуулар тууралуу баяндайт.
Китепке Мустай Карим тууралуу авторлордун жана замандаштарынын эскерүүлөрү, балкар элинин жашоосу жана маданияты тууралуу материалдар, акынга арналган ырлар, ошондой эле анын чыгармаларынын адабий котормолору кирген.

Пресс-конференция «Акындын чыйыры» маршруттары тууралуу автордук ыр менен аяктады. Аны гитаранын коштоосунда орусиялык учкуч-инструктор, альпинист жана Башкыртстан Республикасы боюнча РФ Космонавтика федерациясынын төрагасынын жардамчысы Александр Лынник аткарды.

«Жеңиш, албетте, оңой болбойт, тоолор жолдо кыйынчылыктарды аянбай берет. Бирок коркуу жок, биз улуу адабиятчылардын ысымдарын оозго алып көтөрүлүп жатабыз, алар бизди ал жакта, жогоруда колдоп тургандай сезилет», — деп кошумчалады ал.
Анара Мамытова