Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Соода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындады
18.08.2026 | 17:55

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президиуму 10 өлкөгө өзүнүн өкүлдөрүн дайындады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы өкүлдөр Өзбекстанда, Испанияда, Швейцарияда, Кытайдын Чжэцзян провинциясында жана Чунцин шаарында, Болгарияда, Иранда, Индияда, ошондой элеТүркияда иш алып барат.
Алар кыргыз жана чет элдик ишкерлердин ортосунда түз байланыштарды камсыз кылуу, инвесторлорду тартуу, ата мекендик продукцияны жайылтуу жана бизнес миссияларын уюштуруу боюнча иш алып барышат. Палата бул кадам кыргыз бизнеси менен чет элдик өнөктөштөрдүн ортосунда практикалык көпүрө болорун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Соода-өнөр жай палатасы