Ошто 69 жаштагы кары эненин үйү соттун чечими менен буздурулган

Ошто 69 жаштагы кары эненин үйү соттун чечими менен буздурулган

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 27-сентябрда Ош облусунда жана Ош шаарында иш сапары менен болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн уккан. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жолугушуу облустук администрациянын залында өтүп, жолугушууга 250дөн ашык киши катышкан. Айрымдарына орун жетпегендиктен, жыйынга туруп катышууга туура келген. Ошондой эле бул жолугушууга облустук укук коргоо, прокуратура органдарынын, жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери катышкан. Акыйкатчы жарандардын арыз-даттанууларын угуп, жеринде мамлекеттик органдардан жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылууну талап кылган.

Тургундар алардын жер үлүштөрү, медициналык, социалдык кызмат алуу, паспорт алууда укуктары бузулганын айтып арызданышкан.

Жолугушууда 69 жаштагы кары эне акыйкатчыга укугун коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, мындан 10 жыл мурда сатып алган жерине көп кыйынчылыктар менен салынган үйү соттун чечими менен буздурулуп, болгону бир бөлмөсүн гана калган.

«Мен 10 жыл мурда Ош шаарынан жер тилке алып, ал жерге үй салгам. Менин бул жер тилкеге кызыл китебим бар болчу. Кийин сотко чакырышып, аталган жер башка адамга таандык экенин айтышты. Самарбек аттуу киши аларга ушул жерди сатып жиберген экен. Биз соттоштук. Сот бизге каршы чечим чыгарды. Самарбектин аракетинен жабыркаган 10 киши бар экен. Баарыбыз адилетикке жетпей жатабыз, анткени ал күч органдарында иштейт», — деген ал.

Ошондой эле жыйында акыйкатчыга Кыргызстандын жарандыгы берилбей жаткандыктан улам социалдык тейлөө ала албай жатышкан этникалык кыргыздар кайрылышкан.

Андан тышкары, жолугушууда, улуурак балдар тарабынан сабалган уулуна дарыгерлер жардам бербей койгонун айткан эне, жарандык күйөөсү баласына алимент төлөбөгөнүн билдирген аял, декреттен кийин кургак учук ооруканасына кайра жумушуна кайтып келе албай жаткан бухгалтер аял кайрылып, укуктарын коргоп берүүнү суранган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>