Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоодон кийин ачылды
12.08.2026 | 13:17

Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкеси оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолдун эски асфальт катмары сыйрылып, негизи бекемделген. Ошондой эле инженердик тармактар оңдолуп, жаңы асфальт-бетон төшөлүп, жол инфраструктурасы жаңыланган.
Мэрия иштер жолдун сапатын жогорулатуу жана транспорттук инфраструктураны жакшыртуу максатында бекитилген графикке ылайык жүргүзүлгөнүн билдирди. Жаңыланган тилке жол коопсуздугун камсыздоо талаптарына жооп берери кошумчаланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом