Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Азия оюндары: Ушу-саньда боюнча эки кыргыз мушкер коло тагынды
28.09.2023 | 10:15
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында ушу-саньда боюнча кыргызстандык эки мушкер коло байге алды.
Маалым болгондой, 56 кг салмакта Авазбек Аманбеков жана 75 кг салмакта Темирлан Аманкулов жарым финалда атаандаштарына жеңилип, коло байгенин ээси болгон.
Бул эки коло менен Кыргызстандын Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында алган медалдарынын саны 3кө жетти. Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров Кыргызстанга биринчи байгени, ошол эле учурда биринчи алтынды алып берген.
Шеров Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарында алтын алган биринчи дзюдочу болуп калды.


Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт