Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Вице-премьер Бакыт Төрөбаев башка кызматка дайындалышы мүмкүн
28.09.2023 | 10:00
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри болуп дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.
Өздүк булактар билдиргендей, жакында эле Бакыт Төрөбаевге Айыл чарба министрлигин жетектөө сунушу берилген. Бирок ал министр кызматына бара турган болсо, кызматынан төмөндөй турганын айткан. Мындан улам ага министрлер кабинетинин орун басары кызматын сактап калуу менен Айыл чарба министрлигин жетектөө сунушталган. Төрөбаев сунушту кабыл алса, айыл чарба министри болуп дайындалышы мүмкүн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом