Дүйнө чемпионаты: Тыныбекова финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алды (видео)

Дүйнө чемпионаты: Тыныбекова финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алды (видео)

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Тыныбекова таймашты 1/16 финалдан баштап, биринчи атаандашы польшалык Александра Волчинсканы 8:2 эсебинде утту.

Кийинки 1/8 финалдагы беттешинде молдовалык Мариана Эсанунун далысын килемге басып, таза жеңишке жетти. Ал эми чейрек финалда украиналык Ирина Коляденко менен беттешти. Эсеп 2:2 болуп жыйынтыкталып, артыкчылыктуу упай Тыныбековада болгондуктан, ал жеңишке жетти.

Жарым финалда Тыныбекованын атаандашы германиялык Луиза Неймех болду. Тыныбекова германиялык балбан кызды 4:2 эсебинде утту.

Тыныбекова финалга чыгуу менен 2024-жылы Парижде боло турган Олимпиада оюндарына Кыргызстан үчүн экинчи жолдомону алды. Биринчи жолдомого 19-сентябрда Айпери Медет кызы ээ болгон.

Белгилей кетсек, Сербиядагы дүйнө биринчилиги лицензиялык болгондуктан, бул мелдеште 5 мыкты балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: 1, 2-орунду алгандар жана коло байгеге татыган 2 балбан жолдомо алат. Ошондой эле, коло үчүн таймашта утулган эки балбан бешинчи лицензия үчүн өзүнчө беттеш өткөрөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>