Садыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулат

Кыргызстанда 2030-жылга чейин көп тармактуу 30 «Маданий Ордо» борбору жана 30 музыкалык мектеп салынат. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, алдыдагы жылдары кеминде 50 маданият мекемеси капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалат.
Ошондой эле президент жаштарды маданий жактан тарбиялоого өзгөчө көңүл буруларын билдирди. Бул үчүн атайын атайын программа ишке киргизилет.
«Келечек» программасынын алкагында мектеп окуучулары жана студенттер театрларга, музейлерге жана китепканаларга үзгүлтүксүз баруу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат. Биз өз тарыхын билген, эне тилинде эркин сүйлөгөн, улуттук маданиятын жана баалуулуктарын урматтаган, ошол эле учурда дүйнөлүк маданияттан толук кабардар болгон муунду тарбиялоого милдеттүүбүз».
Мындан тышкары алдыдагы жылдары кыргыз тилиндеги контент кеңейтилип, адабий чыгармалар басылат, кино жана аудиовизуалдык продукцияларды которуу өнүктүрүлөт. «Санарип Мурас» платформасы аркылуу маданий мурастарды санариптештирилет.