Баасы өсөт. Кумтөрдүн алтынын сатпай атайын фонд түзүү сунушталды

Баасы өсөт. Кумтөрдүн алтынын сатпай атайын фонд түзүү сунушталды

“Кумтөр” кенинен 2022-жылы 17 тонна алтын өндүрүлүп алынды, 2023-жылы 14 тонна алуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинин жыйынында экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, өндүрүлгөн алтындын 1,5 тоннасын Улуттук банк сатып алып, калганы “Кыргызалтын” жана “Кумтөр” компаниясынын мурда түзүлгөн келишимдери аркылуу сатылууда.

Депутат Султанбай Айжигитов Министрлер кабинетине алтынды сатпай, атайын кор түзүүнү сунуштады.

“Бекер эле сатып жатабыз. Андан көрө фонд түзүп, аны күрөөгө коюп, арзан насыяны тартсак болот. Азыр эл аралык институттардын насыяларына бюджетти күрөөгө коюп жатабыз. Алтын баасы дагы өсөт. Дүйнө чоң согушту күтүп жатат. Мындай каатчылык кезде алтын баасы жогорулайт”, — деди ал.

Финансы министрлиги Алмазбек Бакетаев депутаттын сунушун колдоду. Ал өкмөттө алтындын запасын түзүү боюнча тапшырма берилип, ал иштелип чыгып жатканын айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>