Бишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди
Каржы министрлиги 20,9 млн сомго 190 компьютер сатып алат
23.10.2023 | 10:50
Каржы министрлиги 20,9 млн сомго компьютерлерди сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, аталган суммага 190 компьютер сатып алуу пландалып жатат. Компьютерлер АКШ же Европада чогултулган болушу керек.
Тендер боюнча арыздар 6-ноябрга чейин кабыл алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом