«Баатыр энелердин» балдарына ЖОЖдордо кошумча гранттык орундар бөлүнүшү мүмкүн

21.05.2026 | 18:12
«Баатыр эне» ордени

Кыргызстанда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдары үчүн жогорку окуу жайларында жыл сайын кеминде 500 кошумча гранттык орун бөлүү сунушталууда. Агартуу министрлиги тарабынан демилгеленген мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Ал «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карайт.

Мыйзам долбоорунун максаты — көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жогорку кесиптик билим алууга шарт түзүү жана аларды социалдык жактан коргоону күчөтүү. Документ Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 29-апрелиндеги «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына билим берүү чөйрөсүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында иштелип чыккан.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, жогорку окуу жайларына кабыл алууда мамлекеттик гранттардын 5 пайызы жетим балдарга, I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга жана башка жеңилдик берилген категорияларга бөлүнөт. Сунушталып жаткан демилге мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизиндеги адистиктердин тизмегин бекитүүдө «Баатыр энелердин» балдары үчүн да өзүнчө квота бөлүү тартибин киргизүүнү карайт.

Scroll to Top