«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылды

Бишкекте тарыхта алгачкы жолу Кыргыз альпинизминин музейи ачылды. Анын ачылышы кыргыз альпинизминин 90 жылдыгына карата уюштурулду.
Бир имараттын ичине чокуларды багындыруунун дээрлик бир кылымдык тарыхы топтолгон: сейрек кездешүүчү шаймандар, багындырылган чокулардын макеттери, ал тургай баары эле аман кайтпай калган экспедициялардын буюм-тайымдары коюлган.

Кыргызстанда мындай музейди түзүү аракети он жылдан бери көрүлүп келген. Эми кыргыз альпинизминин тарыхы бир жерге чогултулду: чокуларды багындыргандардын сүрөттөрү, тоолордун макеттери, эски лыжалар менен чатырлар, залкар альпинисттердин жабдыктары жана кайгылуу экспедициялардын үнсүз күбөлөрү.
Бул жердеги ар бир экспонат — тоо өмүрүнүн бир бөлүгүнө айланган инсандар тарабынан өткөрүлүп берилген жеке тагдырдын бир үзүмү.

Негизги экспонаттардын катарында Эверест чокусуна чейин жеткен Кыргызстандын желеги жана альпинист Эдуард Кубатовдун жеке жабдуулары бар.
«Бул кыргыз желеги 2021-жылы Эверестте, ошондой эле сегиз миң метрлик чокуларда кычкылтексиз көтөрүлгөн. Ошондуктан мен аны ушул музейде болушу керек деп чечип, тапшырдым. Ооба, бул желек азыр Улуттук тарых музейинин реестринде турат, бирок мен аны альпинизм музейине бердим. Өмүрүн тоого арнагысы келген жаштар ушул экспонаттарды көрүп, чоң кадам ташташсын», — деп айтып берди Reporter.kg басылмасына КР Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, альпинист Эдуард Кубатов.

Ал ошондой эле музейге сегиз миңдик чокуларга чыкканда кийген комбинезонун, муз жаргычын (ледоруб) жана кол каптарын тапшырды.
«Мына караңыздар: бул кол каптар тоодогу бардык кыйынчылыктарды көргөн. Аларды да ушул жерге калтырдым. Бул дагы ошол тарыхтын бир бөлүгү болуп турсун», — деп кошумчалады Кубатов.
Музейге келген альпинисттер өз устаттарынын, досторунун жана тоо койнунда түбөлүккө калгандардын сүрөттөрүнө өзгөчө бир толкундануу менен карашат. Бийиктикке болгон чексиз сүйүүсүнө карабастан, алар жакшы билишет: альпинисттин эң башкы сапаты — көзсүз баатырдык эмес, өз күчүн туура баалап, өз убагында артка кайта билүү.

Альпинизм боюнча спорт чебери Дмитрий Грековдун айтымында, тоодо баарынан мурда акыл-эстүүлүк керек. Альпинизм өз шарты боюнча согуштук аракеттерге окшошуп кетиши мүмкүн, бирок бул кандай гана баа болбосун аягына чейин баруу керек болгон согуш эмес.

«Тоого өлүп-талып чыгуунун кереги жок. Өз мүмкүнчүлүгүңдү, өз күчүңдү баалай билип, эгер белгилүү бир жагдайлар түзүлүп калса, өз убагында артка кайта билүү зарыл. Аягы эмне менен бүтөрү белгисиз болуп турганда өжөрлөнүп чыга бергенге караганда, бул алда канча маанилүү эрдик. Башкы сапат — ушул», — деди Греков.

Анын айтымында, өжөрлүк менен чыдамкайлык да чоң мааниге ээ.
«Альпинизм — бул эмгек, баарынан мурда оор эмгек», — деп белгиледи ал.
Музей жөн гана көргөзмө жайы катары эмес, күндүз мында экскурсиялар менен лекциялар, ал эми кечкисин чокуларга чыгуулар жөнүндө тасмаларды көрсөтүү жана гитаранын коштоосунда ыр ырдалган жолугушуулар өтүүчү жай катары пландалган.

Бул кыргыз альпинизминин тарыхын билүүгө гана эмес, тоого ашык болгон адамдарды ондогон жылдар бою бириктирип келген өзгөчө демди сезүүгө да мүмкүндүк берет.
Музей борбор калаадагы K2 спорттук клубунда ачылды. Мамлекет ага колдоо көрсөтүүнү, ал эми белгилүү альпинисттер бул мейкиндикти өнүктүрүүнү жана коллекцияны жаңы экспонаттар менен толуктап турууну убада кылышты.

Мында кыргыз альпинизминин тарыхы кургак даталар, ысымдар жана багындырылган чокулардын тизмеси гана болбостон, эскирген кол каптарда, ледорубдарда, эски сүрөттөрдө жана булуттардан жогору желбиреген желекте кайрадан жан кирет.
Ар бир экспонаттын артында өз чокусу, өз жолу жана качандыр бир кезде бийиктикке кадам таштоону чечкен инсан турат.
Келүүчүлөр үчүн музей дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 10:00дөн 16:00гө чейин ачык болот.
Яна Крайнюкова
Анара Мамытова